| Катып
калган
нанды
духовкада
кызарткандан
кийин
майдалап
оозу жабык
айнек
идиште
сактасаңыз
болот.
Котлет же
куурулган
тамактарда
пайдаланыңыз. |
|
Балыңыздан
шекерленип
кетпеши
үчүн салкын
жана
караңгы
жерде
сакташыңыз
керек.
Күндүн
нурундан
коргоп,
оозун ачык
калтырбашыңыз
керек.
|
|
Карарып
калган
банандарды
ыргыткандын
ордуна, оозу
жакшы
жабылган
пакетке
салып,
морозильникте
сактасаңыз
болот.
Эриткенден
кийин
кексттерге
кошуп
бышырсаңыз
болот.
|
|
Чеснокту
оңой аарчыш
үчүн,
бычакты
капталынан
койгондон
кийин
алаканыңыз
менен
катуурак
уруңуз.
Кичине
жанчылган
чеснок
абдан оңой
аарчылат.
|
|
Салат
сыяктуу
жалбырактуу
жашылчаларды
бычак менен
туурагандын
ордуна
колуңуз
менен
бөлүңүз.
Көбүрөөк
витаминдерди
сактап
каласыз.
|
|
Консерва
томат
пастасын
ачкандан
кийин
капкактуу
айнек
идишке
салыңыз,
томат
пастаны
жапкандай
кылып суу
май куюп
койсоңуз
көгөрүп
кетпейт.
|
жер
жемиштерди
муздаткычта
көбүрөөк
сакташ үчүн
пакеттерден
чыгарып
коюуңуз деп
айтылат. Мен
дагы
Японияга
келгенге
чейин
ошондой
кылаар элем.
Бирок
Японияда
бүт жер
жемиштер
пакеттердин
ичинде оозу
бекитилип
сатылат. Бир
күн
пакеттен
чыгарбай
коюп койгон
жер
жемиштердин
дагы
узунураак
сакталганын
көрдүм. Азыр
ар дайым
пакеттерде
сактайм. |