Home     Архив    Күндөргө жараша архив    Дасторкон кооздоо     Пайдалуу кеңештер     Сизден келгендер     э-кат жибер    Линктер    Сайттын картасы    Türkçe

 Өткөн жумада мектеп менен Жапон кекси- Мочинин жасалганын көрүп келдик. Кичине бир райондо жашаган элдер пикник уюштурушуптур. Мочи, мисо сорпосу, балык, чай сыяктуу тамактарды даярдашыптыр.

Мочи – бууга бышкан күрүчтөн жасалат. Татту же туздуу кылып жесе болот.

Бир күн мурунтан чыланып коюлган күрүчтү бууда бышырышты.

Жыгачтан оюлуп жасалган идишке бууда бышкан күрүчтү салышты.

 Эркектер жайдан эзе башташты.

Күрүч бираз эзилгенден кийин жыгач балка менен ура башташты.

Анда санда күрүчтү аралаштырып турушту.

Урулуп жатып даяр болгон күрүчтүн камырын аялдар татту фасоль, талкан же теркадан өткөрүлгөн редькага оонатып Мочи кексини жасап жатышты.

Даяр Мочи...

Мисо сорпосун жасап жаткандар.. Абдан даамдуу сорпо жасашыптыр. Баардыгыбыз 2 табактан ичтик :))