Рецептти жиберген: Pastacı
|
Баклажандуу нан |
|||||||||
|
Ингредиенттер:
|
Pastacı'нын жиберген рецептинден пайдаландым. Жасалышы: 1. Баклажандарды жана перецтерди газдын үстүндө же духовканын ичинде бышканга чейин кызартыңыз. Баклажандардын ичи жакшылап бышышы керек. 2. Баклажандардын жана перецтердин кабыгын сыйырыңыз. Тактада баклажандарды вилка менен эзиңиз, перецтерди туураңыз. 3. Бир идишке суу майды куюңуз. Май ысынгандан кийин чеснокту кичине кызартыңыз, баклажан менен перецти кошуңуз, жакшылап аралаштыргандан кийин капкагын жаап 2-3 мүнөт бышырыңыз. 4. Бираз чалынган жумуртканы кошуңуз абдан жакшы аралаштырыңыз.
Камыр үчүн: Түрк дүкөндөрүндө сатылган «Юфка» же «Fillo Pastry» же өзүңүз жууруп, абдан жука жайган камырды пайдалансыңыз болот. 1. Бир идиште суу менен майды аралаштырыңыз. 2. Жупканын бетине майлуу сууну щетка менен майлаңыз. Петрушка, укроп же жашыл пияз сыяктуу каалаган жашылчаңызды жайыңыз. 3. Үстүнө экинчи жупканы коюуңуз. Дагы майлаңыз жана 3-жупка менен жабыңыз. 4. Жупкаларды 4кө бөлүңүз. Биринчисине баклажанды салыңыз эки жагын да жапкандан кийин 1-2 жолу ороңуз. 5. Майлуу кагаз салынган же майланган духовкага коюуңуз. Үстүнү майлуу суу менен майлаңыз зире сепкенден кийин 200С ысытылган духовкада бышканга чейин бышырыңыз. |
Home Архив Күндөргө жараша архив Дасторкон кооздоо Пайдалуу кеңештер Сизден келгендер э-кат жибер Линктер Сайттын картасы Türkçe