|
Безе |
|
|
Ингредиенттер:
|
Жасалышы: Безени мундан мурун көп жолу жасап көргөн элем. Бирок эч качан жакшы жасай алган эмесмин. Акыркы жолу кандай жасашты түшүндүм окшойт. Мурун жумуртканын агын жакшылап чала электен эле мурун лимондун кислотасын, туз же уксус сыяктуу рецептте болгон ингредиенттерди кошоор элем. Бул жолу жумуртканын агын катуу болуп, миксерди көтөргөндө формасы өзгөрбөй калганга чейин чалдым. Андан кийин гана кашыктап шекер кошо баштадым. Ар бир кашык шекерден кийин шекер эригенче чалдым. Кайра шекер коштум, дагы чалдым. Ошентип шекер бүткөнгө чейин чалыңыз. Анда санда миксерди эс алдырбасаңыз күйүп кетиши мүмкүн.
Бүт шекерди кошкондон кийин дагы катуу болгонго чейин чалыңыз. Бычак менен кескенде бычактын изи калышы керек. Бир чымчым корица кошкондон кийин дагы аралаштырыңыз. Майлуу кагаз салынган духовканын идишине безелерди кашык менен салыңыз. Безени духовкада бышырбаш керек экен. 50С духовкада капкагын ачып коюп түнү боюу кургатуу керек экен. Менин анчалык убактым болбогондугу үчүн 150С ысытылган духовкада жеңил болуп ичи дагы курганга (бышканга) чейин бышырдым. Аягында жакшы эле болду. Кээ бир гана безелердин ичи кичине сагыздай болуп калды. Сиз кургатсаңыз дагы жакшыраак болот деп ойлойм. |