Кунжут менен нан

Ингредиенттер:

  • 7гр дрожжи
  • 1 чай кашыгы шекер
  • жарым стакан жылуу суу
  • 3 стакан ун 
  • жумшaк камыр болгончо суу кошулат (3/4 стакан суу коштум) 
  • туз
  • 1 стакан кунжут порошогу

Даамдуу нан болду бирок жарым эле стакан кунжут кошулса дагы да жакшы болмок деп ойлойм. Анткени кунжут бираз ачуу даам берет экен.

*Кунжутту атайын миксерде же кол менен жанччсаныз болот.

Кунжут ашканада эле эмес медицинада дагы коп колдонулат. Озгочо кальцийдин булагы, 1 грамында 85мл кальций бар.

Фосфор, темир, магнезиум менен бай кунжут чачка дагы абдан пайдалуу. Пайдалуу жактарынан пайдаланыш учун кунуго 9-30граммдай колдонуш керек.

Булак: Acupuncturetoday

Жасалышы:

1. Жарым стакан жылуу сууга дрожжи менен шекерди эриткенден кийин которулгонго чейин жылуу жерге коюп коюнуз.

2. Ун, кунжуттун порошогу, тузду аралаштырып, которулгон ачыткыны жана сууну кошунуз. Ун аз болсо бираз ун, суу аз болсо суу кошуп, жумшак камыр болгонго чейин жуурунуз. Ун аз болсо бираз ун, суу аз болсо суу кошунуз.

3.  Камыр даяр болгондон кийин кичине топтор кылып кекстин формасына салып 30 муноттой жылуу жерде куттурунуз.

4. Мурунтан 180C  ысытылган духовкада 30мунот бышырыныз.

  • Хлебопечканыз бар болсо ингредиенттердин олчомуну озгортпой эле кошсонуз болот.

Home     э-кат жибер   Сайттын картасы    Türkçe