Бешбармак

Ингредиенттер:

  • 2 лт суу
  • 500гр кой же уйдун эти
  • 2 стакан ун
  • 1 жумуртка
  • туз
  • 1/4 стакан су
  • жарым пияз, жука тууралган
  • жашыл пияз,  тууралган

Жасалышы:

1. Суу кайнагандан кийин этти салып орточо отто бышырыныз. Туз кошконду унутпаныз.

2. Эт бышып жатканда унду туз менен чогуу бир идишке элениз, жумуртка кошкондон кийин жылуу суу менен катуурак болгон камыр жуурунуз. Камырды ото жумшак кылбай катуурак жууруш керек. Камыр жумшарганга чейин устун жаап коюунуз. Камыр жайган машинаныз жок болсо колдо жайып кесмедей кылып кесиниз. Ун сепкенден кийин жабышпашы учун бир четке жайып коюнуз.

3. Эттерди торт бурчтук кылып туураныз.

4. Сорподон бираз алып башка идиште кесмени бышырыныз, чонураак идишке чыгаргандан кийин, тууралган этти кошуп жакшылап аралаштырыныз. 

5. Тууралган пиязды бышыргандан кийин бешбармактын устуно куюнуз, жашыл пияз сепкенден кийин дасторконго сорпо менен чогуу коюнуз.

Home     э-кат жибер    Сайттын картасы    Türkçe