Картофель салаты 

(Жапон кухнясындан)

 Игредиенттер:

  • 4 картошка, аарчылып, 4 бурчтук тууралган
  • жарым  сабиз, тоголок, жука тууралган
  • жарым пияз, жука шакекчедей кесилген
  • 1 бадыран, жука шакекчедей кесилген
  • жарым суу стаканы консерва жугору
  • туз

Соус:

  • 4 чон кашык майонез
  • 1 чон кашык сут
  • 1 чон кашык горчица
  • каалаган жашылча (укроп, петрушка ж.б.)

Жасалышы:

1. Картошка менен сабизди бышканга чейин кайнатыныз. Бышкандан кийин сабиздерди болуп алып, бир четке коюп турунуз. Картошканы болсо суусу жакшылап кеткенге чейин  кайнатыныз. 

2. Соус ингредиенттерин аралаштыргандан кийин ысык картошканы  кошуп кашык менен эзиниз. (Мен эзбей эле бутун бойдон коштум)

3.Бадыранга туз себелеп жумшартыш учун колунуз менен аралаштырыныз.

4. Картошкалуу соуска сабиз, бадыран, пияз, жугору, туз, мурчту кошкондон кийин аралаштырыныз. Кааласаныз жашылча менен кооздоп коюунуз.

* Картошканы болсо суусу жакшылап кеткенге чейин  жана ысык кезинде эзгенге аракет кылсаныз жакшы болот. 

Кайнатылган жумуртка, макарон, колбаса турдорун дагы кошуп жасасаныз болот.

Булак: Recipes of Japanese Cooking Yuko Fujita, Navi International

Home     э-кат жибер    Сайттын картасы    Türkçe