4-6 порция

Баклажан пирогу

Ингредиенттер:

  • 125гр. макарон
  • 2-3 баклажан, жука ж-а узунундан кесилген
  • туз
  • суу май
  • 1 пияз, 4бурч тууралган
  • 1 тиш чеснок, жанчылган
  • 500гр. фарш
  • 425гр. (5-6) помидор, тууралган
  • 2 чон кашык томат пастасы
  • туз
  • мурч
  • (125gr) 1/2 стакан жашыл горох
  • 1 стакан (250gr) моцарелла сыр
  • 1/2 стакан (125gr) чеддар сыр 
  • 1 жумуртка, чалынган
  • 1/2 стакан (125gr) пармесан сыр

 

Бул рецептти 'Pasta Cookbook' журналындан алдым. Бираз көбүрөөк убакыт талап кылат бирок абдан даамдуу. Рецептте жазылган моцарелла жана чеддар сырдарын, жок болгондугу учун кошкон жокмун. Сизде бар болгон каалаган сырды кошсонуз болот.   

1.Макарондорду кайнак сууда бышырыныз жана суусун сарыктыргандан кийин четке коюп коюунуз.

2. Узунундан кесилген баклажандарды чон, жайпак бир идишке тизиниз, баклажандардын үстүнө туз себиниз жана жарым саат күтүнүз.

 

3. Бир идиште жашыл горох, моцарелла, чеддар сырларын, жумуртка, пармесан сырынын жарымыны жана макаронду жакшылап аралаштырыныз. 

4. Жарым сааттан кийин баклажандарды муздак сууда чайканыз. Сковородкада суу майды ысыткандан кийин баклажандардын ар бир тарабыны кызартыныз. Май калбай калса бираз май кошуп турунуз. Кызарган баклажандардын ашыкча майыны кагаз салфетка менен синдирип алыныз.

5. Баклажандарды куурган сковородкага пияз, чеснокту кошунуз жана жумшарганга чейин кичине отто бышырыныз. Фарш, помидор, томат пастасы, туз жана мурчту кошкондон кийин жакшылап аралаштырыныз жана 15 мунот дагы бышырыныз.

6. Духовканы 180C ысыткандан кийин баклажандардын 1/3 бөлугун четке алып койунуз калгандарын майланган тоголок торт формасына бир бирин жаап тургандай тизиниз. 

7. Фарш менен макарондорду чогуу аралаштырыныз жана баклажан тизилген торт формасынын ичине кашык менен улам улам тыкыстап толтурунуз. Четке койгон баклажандар менен эн устун жапкандан кийин духовкада 30муноттой бышырыныз.

6.   Дасторконго коёрдон мурда пармесан сырыны себиниз.

 

Булак: "Pasta Cookbook" Periplus Step-by-Step

Home     Архив    Күндөргө жараша архив    Дасторкон кооздоо     Пайдалуу кеңештер     Сизден келгендер     э-кат жибер    Линктер    Сайттын картасы    Türkçe